"Amazon" интернет дүкөнүнүн негиздөөчүсү ЖеффБезос "Forbes" журналынын версиясы боюнча 2 жыл катары менен дүйнөнүн эң бай адамы деп табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, анын жалпы байлыгы 131 миллиард АКШ долларын түздү. Өткөн жылы да аталган журналдын рейтингинде Безос планетанын эң бай адамдарынын сап башына жайгашкан.
"Amazon" интернет дүкөнүнүн акциялары 2012-жылдагы баасына караганда 20 пайызга арзандап кеткени менен, 2018-жылга салыштырмалуу бир топ жогорулаган. Жыйынтыгында бир жыл аралыгында Жефф Безостун байлыгы 19 миллиард долларга өстү.
Бирок бул жылы "Amazon`дун" негиздөөчүсү "дүйнөнүн эң бай адамы" деген статусунан кол жууп калышы мүмкүн. Анткени январь айында Безос аялы менен ажыраша тургандыгын социалдык тармактарга жазып чыккан.
Ажырашуу орун алса, Безостун мүлкү сот тарабынан жубайы экөөнө бөлүнөт. Айрым маалымат булактары жазгандай, анын жубайы 69 миллиард долларга ээ болушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, өткөн жылы АКШдагы "CNN" телеканалы Жефф Безосту "тарыхтагы эң бай адам" деп тапкан.