Bugatti дүйнөдөгү эң кымбат унаасын көрсөттү, ал 11 миллион еврого сатылды

Bugatti автоконцерни эң кымбат - La Voiture Noire унаасын көрсөттү. Бул дүйнөдөгү эң кымбат унаа болгонун, 11 миллионго жакын еврого сатылып кеткенин чет элдик маалымат булактары компаниянын билдирүүсүнө таянып жазышууда.

La Voiture Noire - 16 цилиндрлик кыймылдаткыч менен, көлөмү 8 литр. Кубаттуулугу 1 миң 500 аттын күчүнө барабар. Автоконцерн унаа сүйүүчүлөрүнүн көзүн күйгүзгөн бул машина 1 эле даана чыгарылганын, бирок дароо сатылып кеткенин кабарлаган. La Voiture Noire унаасы Bugatti автоконцернинин 110 жылдык урматына чыгарылган.

La Voiture Noire деген сөздү француз тилинен которгондо "кара унаа" дегенди билдирет. Айрым басылмалар унаа буюртма менен жасалганын жазышкан. Аны Volkswagen унаа концернинин мурунку жетекчиси, 81 жаштагы Фердинанд Пиех алган деген маалыматтар жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sakubek
2019-03-06 11:05:49
Укмуш
+4
bond02
2019-03-06 12:00:05
Охоо самолёттой эле учса керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан