Кыргыз спортчулары Ташкент шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча мелдеште 10 медаль утуп алышты. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдешке Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген 17-18 жаштагы жөө күлүктөр катышкан.
"2-3-март күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында жеңил атлетика боюнча 17-18 жаштагы улан-кыздардын арасында эл аралык мелдеш өттү. Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жөө күлүктөр катышкан мелдеште кыргыз спортчулары ар кандай баалуулуктагы 10 медаль тагынышты. Кыргыз спортчуларынын чыгымдарын каржылоого Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча мамлекеттик дирекциянын бюджетинен 32 миң сом каралган", - деп жазылат маалыматта.
Байгелүү орундарга ээ болгон жөө күлүктөрдүн тизмеси:
Никита Оптов - узундукка секирүүдө 1-орун;
Чолпон Тазабекова - 3 миң метр аралыкка чуркоодо 2-орун, 1 миң 500 метр аралыкка чуркоодо 3-орун;
Сабина Батажиева - узундукка секирүүдө жана 3 аттап секирүүдө 3-орун;
Адэнат Сарбагышев - 800 метр аралыкка чуркоодо 3-орун;
Тилек Касыгулов, Адэнат Сарбагышев, Сара Батманова жана Юлия Каплунова - эстафетада 3-орун.