Токмок шаарында "унаа уурдаган" деп шектелип 2 жаран кармалды

Токмок шаарында унаа уурдаганга шектүү 2 жаран кармалганын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Путейский көчөсүнөн Гольф-2 үлгүсүндөгү унаасы уурдалганы тууралуу арызы менен 47 жаштагы А.Ж. кайрылган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Чүй айылынын тургуну, 21 жаштагы К.К. жана мурун дагы унаа уурдоо фактысы боюнча соттолгон 22 жаштагы Ш.М. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камалышкан. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, кармалгандардын ушул сыяктуу кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги тууралуу иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан