Чемпиондор Лигасы: Жанлуижи Буффондун катасы "Манчестер Юнайтедди" чейрек финалга алып чыкты

7-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалындагы жооптук беттештер уланып, чейрек финалга чыккан дагы 2 команда аныкталды. Жарым финалга чыгуу укугу үчүн франциялык ПСЖ клубу менен англиялык "Манчестер Юнайтед" командасы жана португалиялык "Порту" клубу менен италиялык "Рома" командасы беттешти.

ПСЖ - "Манчестер Юнайтед"

ПСЖ - "Манчестер Юнайтед" беттеши Париждеги "Парк де Пренс" стадионунда орун алды. Бул командалардын алгачкы беттеши Манчестер шаарында өтүп, ПСЖ командасы конокто 0:2 эсебинде жеңип алган эле. Андыктан өз күйөрмандарынын алдында париждик клуб үчүн тең чыгуу же бир гол айырмачылыгында жеңилүү деле жетиштүү болмок.

Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө эле катачылыкка жол берген талаа ээлери өз дарбазасына гол өткөрүп алды. 2-мүнөттө коргоочу Тило Керер топту дарбазачыга кайтарууда жаңылыштык кетирип, атаандаштын чабуулчусу Ромелу Лукакуга тарттырып жиберди. Лукаку дарбазачы менен бетме-бет келип, аны жазгырып өтүп эсеп санын ачты. Эрте жаралган гол ПСЖны активдүүлүккө түртүп, талаа ээлери бир нече жолу чабуул жасоого жетишти. 12-мүнөттө айып аянтчасында топту кабыл алган Килиан Мбаппенин чыгарып берген тобун Хуан Бернат дарбазага багыттап, эсеп санын теңегенге жетишти. 30-мүнөттө париждик клуб кайрадан катачылык кетирип, конокторго 2-голду белек кылды. Бул ирет анча күчтүү эмес тебилген топту дарбазачы Жанлуижи Буффон колунан түшүрүп жиберип, Лукакунун экинчи голду жаратуусуна шарт түзүп берди. Оюндун андан аркы бөлүгү акыркы мүнөттөргө чейин ПСЖнын үстөмдүгү менен өтүп, бирок алар Давид де Хеанын дарбазасын багындыра алышкан жок. 90-мүнөттө "Манчестер Юнайтеддин" коргоочусу Диогу Далоттун тепкен тобу айып аянтчасынын ичиндеги Преснель Кимпембенин колуна тийип кетти. Беттештин калысы алгач бурчтан чыгарууну дайындаганы менен, видео кайталоону көргөндөн кийин Буффондун дарбазасына 11 метрлик айып сокку дайындады. Пенальтини Маркус Рэшфорд таамай багыттап, эсепти 1:3кө айлантты. Калыс беттешке кошумча 3 мүнөт кошуп берип, бул аралыкта ПСЖ эсепти өзгөртө алган жок. Жыйынтыгында командалардын эки беттешинин жалпы эсеби 3:3 болуп, конокто соккон голдордун артыкчылыгы менен манчестерлик клуб Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына жолдомо алды.

ПСЖ - "Манчестер Юнайтед" 1:3
Голдор: 7-мүнөттө Хуан Бернат, 2, 30-мүнөттө Ромелу Лукаку, 90-мүнөттө Маркус Рэшфорд.

"Порту" - "Рома"

"Порту" - "Рома" беттеши Португалиядагы "Драгау" стадионунда өттү. Аталган командалардын алгачкы беттеши 2:1 эсебинде "Рома" клубунун жеңиши менен аяктаган. Андыктан талаа ээлеринин кийинки этапка өтүшү үчүн бир гана жеңиш керек эле.

Парижде өткөн беттештен айырмаланып, талаа ээлери өз күйөрмандарынын үмүтүн актай алды. Алгачкы мүнөттөрдөн тартып "Порту" командасы оюндун тизгинин өз колуна алып, беттештин нугун көзөмөлдөп турду. Бир нече жолку чабуулдардан 26-мүнөттө майнап чыкты. Атаандаштын жарым талаасынан топту тартып алган Хесус Корона Мусса Марегага топту чыгарып берди. Марега ачык дарбаза алдында турган Франсиско Соареске топту узатып, ал эсепти ачты. 37-мүнөттө "Портунун" коргоочусу Эдер Милитао айып аянтчасында Диего Пероттини чалып жыгылтып, калыс коноктордун пайдасына пенальти дайындады. Айып соккуну Даниэле де Росси аткарып, эсепти 1:1ге айлантты. 52-мүнөттө кайрадан эле Корона менен Марега уюштурган чабуул талаа ээлерин алдыга сүйрөп чыкты. Бул ирет гол Мареганын эсебине жазылды. Беттештин негизги бөлүгү 2:1 эсебинде жыйынтыкталып, командаларга 15 мүнөттөн 2 жолу кошумча убакыт берилди. Кошумча убакыттын 117-мүнөтүндө видео кайталоонун жардамы менен калыс португалиялыктардын пайдасына 11 метрлик айып сокку дайындады. Пенальтини Алекс Теллес аткарып, "Портуну" мелдештин кийинки баскычына жетелеп чыкты.

"Порту" - "Рома" 3:1
Голдор: 26-мүнөттө Франсиско Соарес, 37-мүнөттө Даниэле де Росси, 52-мүнөттө Мусса Марега, 117-мүнөттө Алекс Теллес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Modric10
2019-03-07 11:39:14
Псжга ото окунучтуу болду. Уверен болушуп атат эле
+4
nukura_jigit
2019-03-07 11:42:47
Неймар Кавани жок ко
-3
Aibek170489
2019-03-07 12:03:33
Псж оздору кунолудо Манчестер Юнайтедти менсибей ойноштуу акырында жазалады М.Ю маладес
+4
Dembele84
2019-03-07 13:43:07
МЮ экинчи составы менен ойноп жакшы оюн коргозду.Буффон карьерасында ЛЧ ду утпай отуп кетет окшойт.Арабдар акчаны канча чачканы менен толк жок болуп жатат...
+4
Kanybek121195
2019-03-07 18:49:07
Буффонго жалко
0
Bale1111
2019-03-08 19:06:32
Барселонанын күйөрмандары ПСЖга да балейтетип атткандар жокко
0
Bale1111
2019-03-08 19:08:41
ПСЖ калып кетти Барселона лиондон жеңилип калса Барселонанын күйөрмандарын маскарлаганым маскарлаганго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан