ЖЫЛНААМА, 8-МАРТ: Аялдардын эл аралык күнү

1908-жылы 8-Мартта аялдардын социал-демократиялык уюму кыз-келиндердин укуктарын коргоо максатында массалык митингдерди уюштурган. Ал эми 1910-жылы Копенгагенде болуп өткөн социалист аялдардын II эл аралык конференциясында Клара Цеткиндин демилгеси менен бул майрамга "эл аралык" деген статус берилген.
Ошентип 8-Мартты бүткүл дүйнөлүк аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий теңчилиги үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү катары белгилөө кабыл алынат.
1911-жылдан баштап 8-Март майрамын белгилөө Европа мамлекеттеринде жайыла баштаган. Бир топ өлкөлөр бул майрамга мамлекеттик майрам деген макам беришкен.
Ал эми 1975-жылы 8-Марттын эл аралык статусу Бириккен улуттар уюму тарабынан да бекемделген.
8-Март майрамынын башатында адегенде аялзатынын социалдык-экономикалык жана укуктук талаптары турган болсо, бул бара-бара аялзат турмушундагы ар кандай өзгөрүүлөр менен кошо өзгөрүп, жаңы өңгө ээ болуп, азыркы учурда жалпы аялзатына урмат-сый тартуулай турган нагыз майрамдык мазмунга ээ.
8-мартка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан