Унаанын дөңгөлөгүн чимирилте айдаган шоу-бизнестин айымдары. Ким кандай үлгүдөгү машинанын ээси?

Учурда унаа айдап, руль башкарган мырзалар менен айымдардын саны бирдей эле болуп бара жатканы талашсыз. Алардын катарында шоу-бизнес өкүлдөрү да бар. SUPER.KG порталы көптөн бери рулда отуруп, унаанын дөңгөлөктөрүн чимирилте айдаган атактуу айымдардан учурда кайсы үлгүдөгү унаа айдап жүргөнү тууралуу сурамжылоо жүргүздү.

Ырчы Райкан Абдувалиева учурда 2017-жылы чыккан Toyota Prado үлгүсүндөгү унааны башкарат.

"Тулпарымды 2017-жылы Москвадагы "Тойота борборунан" сатып алгам" деген ырчы алгачкы ирет 1993-жылы рулга отурганын жана ошол кезден тартып унаа башкарып келе жатканын айтат.

Дал ушундай эле унаанын 2005-жылы чыккан үлгүсүн режиссёр Ырыс Жоомартова айдайт. Анын айтымында, бул режиссёрдун жетинчи унаасы.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева 2014-жылы чыккан Nissan Patrol үлгүсүндөгү унаа айдайт. Аталган тулпарды ырчы ушул жылдын январь айында туулган күнүнө карата сатып алган.

"Эмнеге экенин билбейм, бирок машина айдап бара жатып МАИчини көргөндө колум калчылдап кетет" деген ырчы Назми Байзакова учурда 2006-жылы чыккан Lexus RX330 үлгүсүндөгү унаа айдап жүргөнүн айтат.

Ырчы Анжелика өткөн жылдын декабрь айында 2018-жылы чыккан Lexus NX 300 үлгүсүндөгү унаа алып, аны улуу кызы Айымга арнаганын билдирген.

Жаш ырчы кыз Айдана Дека өткөн жылдын октябрь айында, тагыраагы, өзүнүн туулган күнүндө темир тулпарлуу болгон. Ага ырчынын ата-энеси менен сүйүктүүсү биргеликте BMW үлгүсүндөгү автону белек кылышкан.

Ырчы Үмүтай Абдышова да туулган күнүндө тулпарлуу болгон. Nissan Primerа үлгүсүндөгү унааны ага апасы белек кылган.

Өзүн "Кыргыздын деми" атаган ырчы Гүлзат Мамытбектин унаасынын үлгүсү Honda Civic, жылы - 2007. Ал алгачкы ирет 2004-жылы тулпарлуу болуп, ошондон бери руль башкарып келе жатканын айтат.

Ал эми ырчы Айжамал Кабылова учурда Honda CR-V3 үлгүсүндөгү машина айдайт.

Ырчы Нуркыз Кожонованын учурдагы тулпары 2010-жылы чыккан Honda Accord. Ырчынын айтымында, ал 9 жылдан бери унаа башкарып келүүдө.

Ал эми Мээрим Карыпова 2008-жылы чыккан Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын ээси.

Дал ушундай эле унаанын 2002-жылы чыккан үлгүсүн ырчы Гүлсүн Бостонкулова айдап жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
kelechek.kg
2019-03-11 13:28:29
аккорд айдаган эжебиздин машинасы чото 2010 го окшобойтко
+3
bekhaliev
2019-03-11 14:12:47
Мендакочодо турган бир хаммер менен тушуп койсом болот экен а
+3
Talastan
2019-03-11 14:59:32
Нуркыз Кожонова машинасынын жылын ашырып айткан го 2010 эмес эле 2002 2003 эле акорд го.
+1
karona12
2019-03-11 15:45:32
Райхан эжебиз бул машинасын айдап жургонго коп жыл болду анан кандай 2017 болуп калды жылы.
0
Bazana
2019-03-11 16:11:12
Райхан эжеке тигүүчү цехи бар экенин айткан өткөн сандарында, уйу дагы сонун экен эле. Анан менин курбум дагы цех иштетет ошол дагы сезондо аптасына 150000мин табам деген жайы бар.
+3
Busi06
2019-03-12 04:11:03
Bazana,Аптасына 15мин де, аптасына 150мин табат деп салыпсынго
0
Aima94
2019-03-11 16:13:21
Жарымынан көбүн тааныбайм
+3
asdef
2019-03-11 16:46:29
80 % ин тааныбайм кимдер булар?
0
Nurbelek.
2019-03-11 18:16:26
Дөңгөлөгүн чимирилте айдаган, деп кайдагы теманы койгонсуңар? Любойу айдаса деле дөңгөлөк чимирилетта.
0
Alixan-Nookat.2015
2019-03-11 19:10:59
Ошончолук кымбат баалуу машина алганга акчам болгондо мен машина албай кичине болсода үй салып жыргап жашамакмын. Азыр мамлекеттик иште иштейм алган маяна менен үй салганга такыр мүмкүнчүлүк жок.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-03-11 19:52:01
Назми эженин машинасы жакты.Эмгек кылыш керек.
0
Dembele84
2019-03-12 01:33:34
Райхан эже азамат экен...А Кожонованын хондасы 7-поколение экен го,алардын эн акыркысы 2007-жылы чыгып атса.2010деп уруп койсо боло берет экен да а?)))
+1
Sajakat14
2019-03-12 01:40:39
Азаматсыңар айымдар! Аракет кылгыла! Иштеген тиштейт!
0
tihonkg
2019-03-12 04:00:27
Райхан эжени ушул даражага жеткирген раматылык апасынын мээнети коп, апасы москвада точкаларда кыргыз кыздарын тиккен кийимдерин саттыртып иштейт эле тыккылдап модноя кийинип алып журот эле, жакшы аял болчу
0
Busi06
2019-03-12 04:12:22
Райкан эженин машинасын титирейтго жон эле)))
0
Busi06
2019-03-12 04:12:59
Анжелика машинаны акчасын жарымын кредит алып анан алдым дедиго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан