Красноярск шаарында Дүйнөлүк Кышкы Универсиада өтүп жатат. Бүгүн, 8-мартта уландар арасында лыжа жарышы (слалом-гигант) боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Анда орусиялык Иван Кузнецов алтын, италиялык Альберто Бленджини күмүш жана швейцариялык Ливио Симоне коло медалга ээ болду.
Кыргыз мамлекетинин атынан барган Евгений Тимофеев 76, ал эми Маским Гордеев 88-болуп стартка чыгышты. Тилекке каршы, спортчулар финишке жетише алган жок.