Кыргыз жеринен барган оюнчу Дастан Лепшаков бильярд боюнча Дүйнө Кубогун жеңип алды

Бүгүн, 9-мартта Орусиянын Москва шаарында бильярд боюнча Дүйнө Кубогу өттү. Анда Кыргыз жеринен барган оюнчу Дастан Лепшаков бильярддын комбинациялык пирамида түрү боюнча Дүйнө Кубогу мелдешин жеңип алды.

Дастан Лепшаков чечүүчү финалдык беттеште орусиялык Артём Баловду 6:2 эсебинде утуп алды.

Лепшаков кечээ, 8-мартта дагы Леонид Швыряев аттуу орус бильярдчысын утуп, финалга чыккан. Ал эми Камолиддин Есиддинов менен Азиз Мадаминов 5-орунга ээ болду.

Мелдеш 4-мартта башталып, Кыргыз өлкөсүнөн 12 кий чебери катышты.

Буга чейин Ханты-Мансийск шаарында бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп, Канат Сыдыков менен Дастан Лепшаков коло медаль жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
take1984
2019-03-09 18:11:22
Ийгилик
+7
BekAmir
2019-03-09 18:43:27
Молодец
+8
Kyrgyz_bloger
2019-03-09 19:08:58
Жакшы жакшы кыргыздын атын чыгарып журо бер ийгилик.
+5
Komrad
2019-03-09 22:12:44
Ай молодец
+3
Kristianuronaldu
2019-03-09 22:24:07
Мына сага жакшы жанылык
+1
monok2001
2019-03-10 00:48:01
Молодец,ар тараптуу спорттон ийгилик жараткан спортчуларыбызга ийгилик.Футбол мн Биатлонду да онуктуруш керек Чон теннисти кошуп
+3
Jeenbek.
2019-03-10 05:33:30
Молодец иним,жарайсын
+1
Kyrgyz-patriot
2019-03-10 11:16:10
Жакшы жанылык.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан