10-мартта Хорватиянын Загреб шаарында өспүрүмдөр арасында мүз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Анда Орусиянын муз үстүндөгү бийчилери жылдагыдай эле мыкты жыйынтык көрсөтүп медаль тагынышты. Мелдештин акыркы күнү кыздар арасындагы мелдеште спортчулар эркин программасын көрсөтүштү.
1-орун: Александра Трусова (Орусия) – 222,89 упай.
2-орун: Анна Щербакова (Орусия) – 219,94 упай.
3-орун: Тиң Цуй (АКШ) – 194,41 упай.
Мелдеште биринчи орунду алган 14 жаштагы Александра Трусова Дүйнө чемпиондугунун эки жолку жеңүүчүсү болду. Былтыр Болгарияда өткөн чемпиондукта эркин программасын көрсөтүп 153,49 упайга ээ болсо, быйыл 150,40 упай алды. Бул жолкусунда жалпысынан 222,89 упай менен алтын медалга жетишти. Трусова эркин программасына 3 жолу 4 айланып секирүүнү киргизген. Биринчи секирүүсүндө катачылык кетирип кулап түшкөнү менен, кийинки секирүүлөрүн ийгиликтүү аткара алды. Анын программасы техникалык жактан уландардын программасына тең келе алат. Кыздар арасында эч ким бир программада 3 жолу төрт айланып секире элек.
Экинчи орунду алган 14 жаштагы Анна Щербакова да эркин программасына 4 айланып секирүүнү (лутц) кошкон. Кыска программасын көрсөтүп, лидерлик позицияда келе жаткан Анна Щербакова 147,08 упайга ээ болду. Жалпы көрсөткүчү 219,84 упай.
3-орунду алган АКШнын спортчусу Тиң Цуй муз үстүндө балет бийин көрсөттү. Ал кыска программасын көрсөткөндөн кийин да 3-орунда келе жаткан. Эркин программасы үчүн 126,72 упай алды.