Соң-Көл жайлоосундагы малдар чечек оорусунан эмес, уулуу чөптөн өлгөнү белгилүү болду

13-14-июль күндөрү Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосунда туулганына 3-6 ай болгон 91 баш козу чөптөн ууланып өлгөн. Мындан 10-15 күн мурда козу-улактардын ичи көөп, ооздорунан шилекей агып өлгөндүгүн Жумгал районунун тургундары айтышкан. ӨКМ билдиргендей, 24-июлда аймактардагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын кызматкерлери малдарга текшерүү жүргүзүштү. Козу-улактар оттогон жайыттардан шектүү чөптөр алынып келинип, лабораторияга текшерүүгө жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында козулардын чөптөн ууланганы белгилүү болду. Аталган жайлоодогу малдар бүгүнкү күнгө карата жугуштуу шарп, чечек жана башка ылаңдардан таза. Эске салсак, 24-июлда аталган жайлоодогу малда чечек оорусу катталганы, ушул эле күнү Нарын районундагы ветеринар адистерден турган топ Соң-Көл жайлоосундагы малды текшерүүгө алууга жана ооруган малды дарылоого жөнөп кетишкени айтылган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aviator
2013-07-26 00:58:35
бул чоп эмне мурда жок беле
0
blak.star.kg
2013-07-26 08:21:35
Биринчи чечек оорусу деп ким айтыптыр. Же козулардын куйругуна бир уруп пал ачып коюшуптурбу?
0
admin_superstan
2013-07-26 10:38:31
blak.star.kg, Саламатсызбы!
Чечек оорусу деп ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдаган:
http://www.super.kg/kabar/news/26449/
0
kyrgyzz
2013-07-26 15:37:36
e bul bizdin verinardyk kyzmattyn alsyzdygy. Murun sovet maalynda emnege antip ooru4u emes je emne chop jany paida bolupturbu? akyry kelip 4opko wyltoo kylywyp kutulat da. Emi mamleket koigo passport 4ygargylary kelip atywpady bele janagy olgon kozularga dokument jazap eelerine kompensatsya tolop beriwsin. Bawka mamleketter atap aitkanda malga dokument bergen mamleket owentip karywkyr jese olso da tolop beret. Je emne el mal bakkany u4unda dokument jazap jorot eken da.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан