Мушкер Азат Үсөналиев Финляндияда өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын бокс федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Gee Bee 2019" мелдеши 7-10-март аралыгында Хельсинки шаарында өтүп, ага Кыргыз жергесинен 6 мушкер катышкан.
9-мартта Үсөналиев 52 килограммга чейинки салмак ченинде өзүнүн алгачкы Индиядан келген атаандашын 4:1 эсебинде жеңип алган. Ал эми 10-мартта орун алган финалдык беттеште мушкер казакстандык атаандашын жеңип, алтын медаль тагынган.
Эскерте кетсек, Азат Үсөналиев 24-февралда Бишкек шаарында өткөн Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеште да жеңүүчү аталган.