Кытайдын Хунань жана Гуйчжоу провинцияларында кургакчылыктын айынан 1,15 миллион адамга ичүүчү суу жетишпей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда өлкөнүн маалымат булактары жарыялашты. Бир нече аптадан бери уланып жаткан кургакчылыктын кесепетинен жергиликтүү дыйкандар 697,9 миң гектар жердеги түшүмүнөн жана 436,3 миң ири мүйүздүү малынан айрылганы турат. Бул райондорго кытай өкмөтү суу куюлган 13 миң цистерна жибергени белгилүү болду. Ал эми Кытайдын метеорологиялык кызматы жакынкы күндөрдө жаан-чачын аз жаай турганын жана кургакчылык дагы да уланарын билдирүүдө.