Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилик кызматына Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлиги жактырылды

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилик кызматына Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлигин жактырышты. Бул тууралуу депутат Бахадыр Сулейманов билдирди. Анткени аталган комитеттин жыйыны жабык болгон.

Эл өкүлү Өмүралиевдин талапкерлигин комитеттин депутаттары бир добуштан колдогонун айтты.

Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин кызмат ордуна иштеп келген.

Түркиядагы мурунку элчи Ибрагим Жунусов 2018-жылдын 4-декабрында Кыргыз мамлекетинин Өзбекстандагы элчилик кызматына расмий дайындалган.

Мындан тышкары жыйында Кыргыз мамлекетинин Улуу Британиядагы элчиси Гүлнара Искакованын, Германиядагы элчиси Эринес Оторбаевдин жана Сауд Арабиясындагы элчиси Абдилатиф Жумабаевдин аткарган иштери тууралуу отчёту угулуп, бир катар сындар айтылганын депутат Сулейманов тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан