Кышкы Универсиада: Лыжанын слалом жарышында орусиялык спортчу алтын медаль утту. Кыргыз спортчусу 35-болуп марага келди

Красноярск шаарында Дүйнөлүк кышкы универсиада өтүп жатат. Бүгүн, 11-мартта уландар арасында лыжанын слалом жарышында орусиялык спортчу алтын медаль утту.

Мелдешке 93 лыжачы катышты. Биринчи жарышта 47 лыжачы марага жетти. Кыргыз мамлекетинен барган спортчу Максим Гордеев 45-болуп марага келди. Ал эми Евгений Тимофеев марага жеткен жок. Экинчи жолу чечүүчү жарышта Максим Гордеев 35-болду.

Биринчи орунду орусиялык Семён Ефимов, экинчи орунду австриялык Рихард Ляйтгеб жана 3-орунду франциялык Пако Раса ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан