Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаковдун үй камагына чыгарылуусу каралды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы тастыктады.
Ага ылайык, Болсунбек Казаковго карата кылмыш ишти кароо боюнча соттук отурум бүгүн, 12-мартта Биринчи Май райондук сотунда улантылган. Анда Казаковдун жактоочусу анын ооруп жатканына байланыштуу жаза өтөөнүн шартын жумшартууну өтүнгөн.
Айрым жагдайларды эске алуу менен сот жактоочуунун өтүнүчүн канааттандырып, жаза өтөө формасын жумшартып, үй камагына чыгаруу чечимине өзгөрткөн. Бирок бул боюнча соттук отурум 15-мартта саат 10до кайрадан улантыла турганы айтылат маалыматта.
Айрым маалыматтар боюнча 2015-жылы Болсунбек Казаков калкан безиндеги рак оорусуна кабылган.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болгон 48 VIP-коттеджди арзан саткан деп айыпталууда.