Өткөн аптада, тагыраагы 8-март күнү борбор калаада "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөлөрү өткөргөн тынч митингге экс-депутат Равшан Жээнбеков менен укук коргоочу Рита Карасартовада катышкан. Митингде сөз сүйлөп, аялдардын укуктары корголушу керектигин айткан бул 2 адамга карата социалдык тармактагы баракчаларына өткөн аптадан бери терс ой-пикирлер жазылып, айрымдары сөгүнүү менен эле чектелбестен коркутууга чейин барганын билдиришти.
Тынч митингге катышкандардын кээ бирлери ЛГБТнын (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) түстүү желектерин көтөрүп чыгып коомчулукта көптөгөн терс ой-пикирлерди жараткан.
8-марттан бери экс-депутат Равшан Жээнбековдун дарегине бир катар орой сөздөр айтылды. Бул тууралуу саясатчы төмөнкүлөрдү билдирди.
"Ар кандай сөздөр айтылууда, негизинен ыплас, жек көргөн, цензурага туура келбеген сөздөр көп айтылып жатат. Ата-энеге, бала-чакага тийишкен жаман маанидеги сөздөр да айтылууда. Коркутуу жагынан мага даай албайт. Социалдык тармактагы баракчам ачык, эч кимге мага карата жазууга тыюу салбайм. Ар ким каалаган оюн жазууда.
Бул сөздөр диний-радикалдар тарабынан айтылууда, себеби алар менен менин көз карашым дал келбейт. Мындан тышкары бийликтин тегерегиндеги мени көрө албагандар ушул көз карашымдан пайдаланып,ушундай кадамдарга барышууда. Бул нерсе коомдогу чоң көйгөйдү көрсөтүп жатат, коомдун агрессивдүү, бүгүнкү күндө өзгөрүүгө, реформаларга болгон талаптары жок экенин көрсөтүүдө", - деди ал.
Ал эми, укук коргоочу Рита Карасартова тынч митингге катышкандан бери коркутуулар тыйылбай жатканын билдирди.
"Митинг бүтөрү менен эле менин сүрөтүмдү кошуп атайын коллаж жасап, аны социалдык тармактагы ар кандай тайпаларга бөлүшүп, коркутуп-үркүтүүлөр башталды. Ал тынч жүрүшкө толтура адамдар катышкан, арасында бизнестин өкүлдөрү, укук коргоочулар, активисттер да болгон. Бирок социалдык тармактарда мага асылып жатып калышты. Менин сүрөтүмдү коюп, эки чекесине ЛГБТда дешип 2 адамды коюп да чыгарышты.
Улуттук коопсуздук кызматын реформалагыла, тең салмактуулукту сактагыла деп катуу айтып келе жатабыз. Митингге катышкандыгым боюнча сындар такыр тынчыбай жатат, 1-күнү талкуулашты, эртеси да уланды. Кийин ар кайсы тайпаларда “келгиле дагы бир жолу талкуулайбыз, анан чекит коёбуз” деп жанданып жатканда бул жаатта күчтүү бир “машина” иштеп жатканын түшүндүм. Анан буга чейин мени ушинтип таламай качан болду эле деп эстеп баштадым. Мындан 5 жыл мурун Украина менен Орусия согуш баштаганы турганда мен “Орусия согушка барбагыла” деп жазганым үчүн бизди “бандеровец” деп таландыга калганбыз. Кийин Кыргыз өлкөсүндө экстремисттер көп болуп кетти деп Путин өзүнүн расмий маалымат жыйынында айтып, биздин өлкөдө канча адам экстремисттер деп соттолгонун билдиргенде маалымат жыйын өткөргөнбүз. Бизде жайылып жаткан экстремисттердин баары ошол жактын буюртмасы турбайбы деп маалымат жыйынында 2 өлкөнүн мыйзамдарын салыштырып, бул экстремизм эмес, буюртма экенин айтып чыккам. Анда да талаш-тартыш жаралган.
Бул марш мурда Эркиндик бульварында эле 20-30 адамдын катышуусунда өтчү. Бул жолкусунда маршты “Кырк чоро” атайын өткөртпөйт экен деп сөз таратышат. Мен митингге чыкканымдын себеби ортодо кагылышуу болуп кетпесин, бул аялдардын укугун коргогон марш деп айтайын деп кыргыз көйнөгүн кийип алып, майрамдык маанайда баргам.
Себеби “Кырк чоро” түз эфир аркылуу мыйзам чегинде иштейбиз деп, анан кайра маршка каршыбыз, чыккандардын шыйрактарын сындырабыз деген билдирүү тараткан. Феминисттер болсо 400 адам колдоп келип жатат деп “байпагын жуубайм”, “чай куйбайм” деген плакаттары менен чыгып кетишти. Марш болуп жатса аларга түшүндүрүп, токтото албайсың да. Мен өзүм митинг уюштуруп жүргөн адам катары УКМК эмне себептен канча адам катышарын, кандай кыйкырыктар айтыла турганын текшерген жок деп ойлондум. Алар бүт алдын ала такташат да, анан эч нерсе жасабай эле ошол жакта карап жүрүштү. УКМКнын митингге тыюу салууга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу.
УКМКнын кураторлору эмне кыласыңар билбейм, жасагыла деген буйрук берген окшойт. Митингди атайын беришти, тиги байкуш балдар (ЛГБТИКС) жыргашып, “биз кандай эркин жүрөбүз” деп сүйүнүп, милиция кызматкерлери тоскоолдук кылышпайт деп желектерин, плакаттарын чыгарып алышты. Чынын айтсам, митинг учурунда плакаттардагы жазууларга деле көңүл бөлбөптүрмүн. Конспирация жакшы жасалыптыр, буга чейинки бир да маршына катышкан эмесмин. УКМКнын бул провокациясы ишке ашты", - дейт Карасартова.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
8-март күнү Бишкекте саат 10до "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын тынч жүрүшү башталып, түш ооп, Уркуя Салиеванын эстелигинин жанындагы бийи менен жыйынтыкталган. Митингдин уюштуруучуларынын айтымында, ага болжол менен 500гө жакын адам катышкан. Жүрүштө уюштуруучулардын "Келин болуу - бул кулчулук", "Чай куйганга милдеттүү эмесмин", "Аялдын орду Ак Үйдө", "Кааласам төрөйм, кааласам төрөбөйм", "Аял бала төрөөчү машина эмес", "Менин денем - менин ишим", "Жети апамды билем" деген ураан, чакырыктары көп кайталанды. Кыргыз коомчулугу бул чакырыктардын баарын эле колдобой турганы интернет баракчалардан байкалган.