Футбол боюнча өлкөнүн Суперкубогу Москва шаарында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз футболдук лигасынын аткаруучу директору Михаил Толкачёв кабарлады.
Анын айтымында, учурда Москва шаарындагы бир нече стадиондун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Кыргыз өлкөсүнүн Суперкубогу үчүн беттешти Москва шаарында өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыркы учурда бир нече стадиондун жетекчилигине сунуштар жиберилди. Акыркы чечим жай айларына жакын кабыл алынат. Аталган беттештин Орусияда өтүшүнө ыктымалдуулук 50 пайыздан жогору", - деди Толкачёв.
Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Суперкубогу буга чейин 7 жолу өткөрүлүп, 3 жолу "Дордой", 2 жолу "Алай" жана 1 жолудан "Нефтчи", "Абдыш-Ата" клубдары жеңүүчү аталган. Суперкубок өлкө чемпиондугун жана кубогун жеңип алган командалардын арасында ойнотулат. Бул жылы Суперкубок үчүн Оштун "Алай" жана Бишкектин "Дордой" клубдары беттешет.