12-марттан 13-мартка караган түнү футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычынын жооптук беттештери уланат. Бул күнү жарым чейрек финалдын алкагында "Ювентус" - "Атлетико" жана "Манчестер Сити" - "Шальке" беттештери орун алат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 2:00дө башталат. Бул командалардын алгачкы беттештери 21-февраль күнү болгон. "Манчестер Сити" конокто "Шалькени" 2:3 эсебинде жеңип алса, "Атлетико" өз талаасында "Ювентус" командасын 2:0гө жеңген.
Буга чейин мелдештин чейрек финалына "Аякс", "Тоттенхэм", "Порту" жана "Манчестер Юнайтед" командалары жолдомо алган.
Мелдештин жарым чейрек финалында дагы төмөнкү беттештер өтөт:
"Барселона" - "Лион";
"Бавария" - "Ливерпуль".