26-июлда саат 04:30 чамасында Ош шаарынын Монуев көчөсүндө жол кырсыгы катталып, 3 адам көз жумду. Кырсыкта Дэу Нубира жана Хонда унаалары кагылышкан. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктан 3 адам каза болуп, 7 адам жабыркаган.
Каза болгондор:
Нурлан Арзыбаев 1983-жылы туулган, Дэу Нубира унаасынын айдоочусу
Азиат улутундагы мырза - аты-жөнү такталууда
Жаш бала (аты-жөнү тактала элек)- Хонда унаасынын жүргүнчүсү
Жабыркагандар:
Адилбек Коңкошев 1980-жылы туулган, Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун тургуну.
Унаалардагы башка жүргүнчүлөр ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.