Красноярск шаарында 12-мартта Дүйнөлүк Кышкы Универсиада жыйынтыкталды. Медалдык эсепте 1-орунду Орусия, 2-орунду Түштүк Корея жана 3-орунду Япония алды.
1-орун менен 2-орундун ортосундагы айырмачылык 98 медаль. 112 медалды утуп алган Орусия (41 алтын, 39 күмүш, 32 коло) жеңишин Универсиаданын тарыхындагы эң жакшы көрсөткүч деп баалады.
Интернет колдонуучуларынын арасында Универсиадага Орусиянын атынан профессионал спортчулар катышканын жазышууда.
Тилекке каршы Кыргыз мамлекетинен барган спортчулар медаль ала алышкан жок.