Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде кулчулукта жүрөт делген 3 Вьетнам жараны дале өз өлкөсүнө чыгарылып кете элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аларды убактылуу баш калкалоо жайы менен камсыздап жаткан тигүү цехинин ээси Ж.Зулай кабарлады. Анын айтымында, 19-мартта алардын мыйзамсыз иштетилип жатканы боюнча иш Свердлов райондук сотунда каралмакчы.
"Февраль айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен Миграция кызматынын кызматкерлери менин тигүү цехиме келип "Вьетнам жаранын мыйзамсыз иштетип жатасың" деп 30 миң сом айып салып койгон. Андан кийин сотко чейинки териштирүү башталып, иш сотко өткөн, 19-мартта каралат. Бирок Вьетнам жарандары дале менин тигүү цехимде отурушат. Укук коргоо органдары аларды эмнеге алып кетпей жатышканы мага түшүнүксүз болуп жатат. Же мен аларды кууп чыгарып сала албайм. Жергиликтүү бийликке кайрылсам жаз келгенде чатыр тигип беребиз деп койгон. Эртең буларга бир нерсе болсо мен жооп берип калбашым керек. Ансыз деле улам ооруп калып жатышат. Бир четинен аларды кулчулукта алып жүргөн тигүү цехи документтерин бербей жатат. Мен алардын көзүн жалдыратып келгени үчүн эле 3 айдан бери өз каражатыма тамак-аш берип, багып келе жатам", - деди Ж.Зулай.