Красноярск шаарында 12-мартта Дүйнөлүк Кышкы Универсиаданын жабылуу аземи болду. Саамалык Универсиададагы маанилүү, эсте калган кызыктуу учурларды көрсөтүү менен башталды. Видеороликке спортчулардын жеңиши, көрүүчүлөрдүн көрсөткөн колдоосу жана жеңилүүгө дуушар болгон учурлары кошулган. Иш-чаранын режиссёру машыктыруучу Илья Авербух болгондуктан аземде муз үстүндө бийчилер да өнөрүн көрсөтүштү.
Аянтчада Универсиаданын символуна айланган гүл орнотулду. Кышкы Универсиаданын эң жаш өкүлү аталган 6 жаштагы Злата Демьянова оюндардын отун өчүрдү.
Андан соң Дүйнөлүк Кышкы Универсиадага катышкан 58 өлкөнүн өкүлдөрү желектерин көтөрүп чыгышты. Салтанатта ыктыярчыларга арналган гимн жаңырды. Белгилүү болгондой, Универсиадага Красноярск шаары, Орусиянын аймагы, АКШ, Гана, Италия, Мадагаскар, Шри-Ланка жана башка өлкөлөрдөн 5 миң ыктыярчы катышты.