13-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын алкагындагы жооптук беттештер уланып, чейрек финалга чыккан дагы 2 команда аныкталды. Жарым финалга чыгуу укугу үчүн италиялык "Ювентус" клубу менен испаниялык "Атлетико" командасы жана англиялык "Манчестер Сити" клубу менен германиялык "Шальке" командасы беттешти.
"Ювентус" - "Атлетико"
"Ювентус" - "Атлетико" беттеши Турин шаарындагы "Альянц Стадиум" стадионунда орун алды. Командалардын алгачкы беттеши Мадрид шаарында өтүп, "Атлетико" 2:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Чейрек финалга чыгуу үчүн "Ювентуска" кеминде 3 гол айырмачылыгы менен жеңиши керек эле.
Алгачкы мүнөттөрдөн баштап чабуулга өткөн "Ювентустун" оюнчулары 4-мүнөттө гол жарата алышты. Бирок беттештин калысы чабуулда эреже бузуу катталганын байкап, Жоржо Кьеллининин голу жокко чыгарылды. Талаа ээлеринин үстөккө-босток чабуулу 27-мүнөттө голго айланып, эсеп саны ачылды. Сол капталдан чабуул уланып, Федерико Бернардескинин узаткан тобун Криштиану Роналду башы менен дарбазага таамай багыттады. Алгачкы голдон кийин оюндун ыргагы өзгөрбөй, туриндиктер чабуулдарын улантып жатышты. Бирок беттештин биринчи бөлүгү дал ушундай эсеп менен жыйынтыкталып, башка гол орун алган жок.
Оюндун экинчи бөлүгүнүн алгачкы мүнөттөрүндө кайрадан гол жаралды. Бул ирет оң капталдан чыгарылган топту Роналду дарбазага багыттап, Ян Облак тосуп калууга жетишкен. Бирок кайталоодо топ дарбаза чийинин толук кесип өткөнү байкалып, эсеп 2:0гө айланды. 2:0 эсеби беттештин бүтөрүнө 5 мүнөт калганга чейин сакталып турду. 85-мүнөттө жарым коргоочу Бернардескини айып аянтчасында коноктордун коргоочусу түртүп жыгылтып, талаа ээлеринин пайдасына 11 метрлик айып сокку дайындалды. Пенальтини таамай аткарган Роналду "Ювентус клубун чейрек финалга сүйрөп чыкты.
"Ювентус" - "Атлетико":
Алгачкы беттеш - 0:2
Жооптук беттеш - 3:0
Жалпы эсеп - 3:2
"Манчестер Сити" - "Шальке"
"Этихад" стадионунда өткөн "Манчестер Сити" - "Шальке" беттешинде күйөрмандар 7 голго күбө болушту. Алгачкы беттеш 2:3 эсебинде "Манчестер Ситинин" пайдасына чечилген.
Беттештин башынан аягына чейин "Шальке" дээрлик топко ээ боло алган жок. 90 мүнөт ичинде коноктор болгону 2 жолу гана сокку узатууга жетишти. Талаанын ар бир бөлүгүн кайтарууга алган талаа ээлери 35-мүнөттө эсепти ачышты. Атаандаштар айып аянчасында Бернарду Силваны жыгылтып, дайындалган пенальтини Серхио Агуэро жазыксыз аткарды. 3 мүнөттөн кийин Агуэро кайрадан гол жаратты. Бул ирет ал Рахим Стерлингдин чыгарып берген тобун дарбазага таамай багыттады. 43-мүнөттө Лерой Сане сол капталдан кирип келип голдордун айырмачылыгын ири эсепке жеткирди. Оюндун биринчи бөлүгү дал ушундай эсеп менен жыйынтыкталды.
2-бөлүктө "Манчестер Ситинин" аткаруусунда дагы 4 гол жаралды. 56-мүнөттө Рахим Стерлинг, 71-мүнөттө Бернарду Силва, 78-мүнөттө Филип Фоден айырмаланышты. 84-мүнөттө алыскы аралыктан гол жараткан Габриель Жезус оюнга чекит койду. Жыйынтыгында англиялык клубдун Чемпиондор Лигасындагы эң ири жеңиши орун алып, талаа ээлери чейрек финалга аттанды.
"Манчестер Сити" - "Шальке"
Алгачкы беттеш - 3:2
Жооптук беттеш - 7:0
Жалпы эсеп - 10:2