23-ноябрда саат 03:43тө Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук академиясынын Сейсмология институту билдирди. Жер титирөөнүн очогу Баткен шаарынан 57 чакырым алыстыктагы түштүк-батыш тарабында болгондугу айтылат. Рават айылында жер титирөөнүн күчү 2-3 балл, Лейлек айылында 2 баллды түзгөн.
Кырсыктан жабыркагандар болгон жок.