Депутат: "Тынч митингдерди өткөрүүгө мыйзам аркылуу бөгөт коюу керек"

"Коңшу мамлекеттер "Кыргыз өлкөсүнүн гейлери кызыл-тазыл желектерин көтөрүп алып көчөлөрүндө басып жүрүшөт" деп шылдың кылышууда". Мындай пикирин бүгүн, 13-мартта парламенттин жалпы жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова билдирди.

Мусабекова тынч митингдерди өткөрүүгө мыйзам аркылуу бөгөт коюу керек экенин айтты.

"Парламентте фракциянын лидерлери отурасыңар. Президент, премьер-министр болом деген жигиттер барсыңар. Кыргыз 5 эле миллион элбиз. Аз калк батыштын таасири менен жок болуп кетсек, кимге президент болосуңар. Ушул жерге ичип-жегичтер, коррупционерлер, саясаттын сасыгы келгенде өлүп-талып, микрофон талашып, түнү менен мушташып чыгасыңар. Кыргыздын баалуулуктары, келечеги болуп жатканда талкуулабай эле коёлу деп гейлерден уялып каласыңар.

Тынч митинг өткөрүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Эгерде митинг өткөргөндөр тартипти бузса, укук коргоо органдары аларды камакка алууга милдеттендирүү зарыл. Эртең тынчтык митинг өткөрөбүз деп террористтер, экстремисттер чыкса, биз карап отура беребизби?" - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ysakov_Nur
2019-03-13 12:59:26
Эн туура
+1
Kairat1996
2019-03-13 13:04:20
ЛГБТга тенелбей депуттар, башка иш менен алек болгулачы. Беш чоронун катын жалпы мамлекеттик денгеелде талкуулабай. Андай башка карай турган маселе чачтан коп.
-7
joke81kg
2019-03-13 13:07:00
Туура айтыптыр
-1
katerina.li
2019-03-13 13:28:38
Гейлердин митинге чыкканы туура эмес. Бирок мен ушу мусабекова деген депутатка такыр ишенбейм. Ушул супер инфого чыкты элего,оозунан ак ит кирип кара ит чыгып журналист кызды согуп коркутканы. Силкрдей дкпутаттар бар учун баалуулук жок болуп баратат элибизде.
+4
Chagylgan2
2019-03-13 17:30:10
Тынч митингдерге уруксат берилиши керек, бул укук керек болсо констиьуцияда корсотулгон. Бирок каяктагы гей-лесбиянкалардын митингге чыгуусуна богот коюлуусу керек...

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан