Криштиану Роналдунун сүйүктүүсү ага өзгөчө билдирүүсүн арнады

"Атлетико" футболдук клубу менен болгон беттеште 3 гол киргизгенге жетишкен Криштиану Роналдуга сүйүктүүсү Жоржина Родригес өзгөчө билдирүүсүн арнады.

Ал өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына футболчунун кичинекей кездеги сүрөтүн жүктөп төмөндөгү сөздөр менен коштогон:

"3:0, бул эсепти эч ким талаша албайт. Сен ага татыктуусуң жана кептин баары сен киргизген 3 голдо эмес. Сен баарына өз ишиңе берилгендигиң, клубга болгон мамилең менен татыктуу болдуң. Команда, машыктыруучу жана башкалар үчүн жөлөксүң. Биз сени менен сыймыктанабыз жана ар дайым колдойбуз.

Кудай сага баарын берип жатат, анткени сенин футбол дүйнөсүнө таандык экениңди билет. Биз сени жакшы көрөбүз. Криштианиту, Матео, Ева, Алана, Жоржина".

Белгилүү болгондой, беттеш учурунда футболчунун сүйүктүүсү аны колдоп, жеңишине көзүнө жаш ала сүйүнгөн.

Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын алкагында "Ювентус" - "Атлетико" беттеши 13-мартка караган түнү Турин шаарында орун алып, 3:0 эсебинде италиялык клубдун пайдасына чечилди. Беттештеги 3 голдун баарын Криштиану Роналду жаратып, "Ювентусту" мелдештин кийинки баскычына алып чыкты.

Роналду менен испаниялык алып баруучу Жоржина Родригестин мамилеси 2016-жылы "Реал Мадрид" - "Депортиво" беттешинде ачыкка чыккан. Жаракатына байланыштуу оюнга чыкпай калган чабуулчу аталган беттешке Родригес менен чогуу келген. Түгөйлөр учурда 2 уул 2 кызды тарбиялап келишет. Криштианиту, Матео аттуу балдарды жана Ева аттуу кызды карын эне жарыкка алып келген. Ал эми 2017-жылдын ноябрь айында Родригес кыз төрөп, ага Алана Мартина аттуу ысым ыйгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Romantik.
2019-03-13 15:36:25
Катуу катуу
+7
Azat.97
2019-03-13 16:07:18
Татыктуу!
+8
Bale1111
2019-03-13 16:32:29
Криш татыктуу оюн көрсөттү
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан