Ушул жылдын 1-апрелинен тартып Орусия жарандары жана өлкө аймагында жашап жаткан эмгек мигранттары массалык түрдө кызылча дартына каршы эмдөөдөн өтөт. Тийиштүү токтом 12-мартта Орусиянын адамдын, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубаттыгы боюнча маселеге көзөмөл кылган кызматтын расмий сайтына жарыяланды.
Андагы маалыматка караганда, эмдөө иши 2019-жылдын 1-октябрына чейин улантылат. Ошол эле учурда эмгек мигранттарына жумуш берген тараптар аларга аталган илдетке каршы эмдөөдөн өткөрүүнү ушул жылдын 31-декабрына чейин камсыздап берүүсү милдеттүү экени көрсөтүлгөн.