Биз социалдык тармакта

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Гаваз Миңгараев 95 жашында көз жумду

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Гаваз Миңгараев 95 жашында көз жумду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад шаарында өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жакындары катышканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Миңгараев 1924-жылы 1-июлда Татарстандын Октябрь районунда төрөлгөн. 1942-жылы 18 жашында Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, согуш аяктагандан кийин 1949-жылга чейин Советтик армиянын катарында жүргөн. Андан соң Кыргыз жерине келип, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Милициянын капитаны Гаваз Миңгараев Жалал-Абад шаарында тартип орнотууда, күч түзүмдөрүн калыптандырууда эмгеги чоң.

Мэриянын берген маалыматына караганда, азыркы тапта Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 5 ардагери, оруктун 4 ардагери бар.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Гаваз Мингараевдин дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан