16-март күнү жалпы республикалык ишембилик жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ишембиликтер өлкөнүн шаарларынын жана айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында өтөт.
Мамлекеттик органдардын жетекчилери алдыдагы ишембиликтин алкагында шаарлардын жана айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.
Ишембиликтерди өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлөт.