Чемпиондор Лигасы: "Ливерпуль" конокто "Баварияны" жеңсе, "Барселона" өз талаасында "Лионду" ири эсепте утуп алды

14-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын алкагындагы жооптук беттештер жыйынтыкталып, чейрек финалга чыккан акыркы 2 команда аныкталды. Жарым финалга чыгуу укугу үчүн германиялык "Бавария" клубу менен англиялык "Ливерпуль" командасы жана испаниялык "Барселона" клубу менен франциялык "Лион" командасы беттешти.

"Бавария" - "Ливерпуль"

"Бавария" - "Ливерпуль" беттеши Мюнхен шаарындагы "Альянц Арена" стадионунда орун алды. Командалардын алгачкы беттеши "Ливерпуль" клубунун оюн талаасында өтүп, 0:0 эсебинде жыйынтыкталган.

"Бавария" клубу оюнду активдүү баштап, алгачкы мүнөттөрдө бир нече чабуул уюштурганга жетишти. Бирок коноктордун коргоочуларын жиреп өтө алган жок. 26-мүнөттө "Ливерпулдун" оюнчусу Виржил Ван Дейк өз жарым талаасынан топту Садио Манеге ашырып берди. Мануэль Нойердин дарбазадан чыгып кеткенин пайдаланган Мане аны жазгырып өтүп, ачык дарбазага топту багыттап конокторду алдыга алып чыкты. Талаа ээлери чабуулду күчөтүп, 39-мүнөттө коноктордун автоголунун жыйынтыгында эсепти теңеди. Жарым коргоочу Серж Гнабри оң капталдан кирип келип, топту Роберт Левандовскиге багыттады. Бирок топ чабуулчуга жетпей, "Ливерпулдун" оюнчусу Жоэль Матиптин бутуна тийип, дарбазага кирип кетти.

1:1 эсеби оюндун 69-мүнөтүнө чейин сакталып турду. 69-мүнөттө коноктор бурчтан чыгарып берүүнүн жардамы менен кайрадан алдыга чыгышты. Александр Арнольддун чыгарып берген тобун Ван Дейк башы менен сүзүп эсепти 1:2ге айлантты. 84-мүнөттө Маненин 2-голу оюнга чекит койду. Ал Мохаммед Салахтын ашырып берген тобун жалгыз кабыл алып, дарбазага багыттады. Жыйынтыгында 3:1 эсеби менен "Ливерпуль" жеңишке жетип, чейрек финалга жолдомо алды.

"Барселона" - "Лион"

"Барселона" менен "Лиондун" оюну "Камп Ноу" стадионунда орун алды. Лион шаарында өткөн алгачкы беттеште 0:0 эсеби катталган.

Оюндун фаворити "Барселона" жеңишке жетеринен көпчүлүк күмөн санаган эмес. 18-мүнөттө Луис Суареске каршы эреже бузулуп, "Лиондун" дарбазасына 11 метрлик айып сокку дайындалды. Пенальтини Лионель Месси аткарып, эсеп саны ачылды. 31-мүнөттө Суарес уюштурган чабуулду Фелиппе Коутиньо жыйынтыктап, эсеп 2:0гө айланды. Беттештин биринчи бөлүгү дал ушул эсеп менен жыйынтыкталды.

Оюндун 58-мүнөтүндө талаа ээлеринин айып аянтчасында күрөш жүрүп, топту "Лиондун" жарым коргоочусу Люка Тузар тартып алды. 10 метрдей аралыктан гол киргизип, коноктор эсеп санын кыскартышты. Бирок 78-мүнөттө Месси кайрадан гол жаратып, эсепти 3:1 ге жеткирди. Франциялык клуб жеңилүүгө моюн сунуп, оңдуу чабуул жарата алган жок. 81-мүнөттөгү Жерар Пикенин, 87-мүнөттөгү Усман Дембеленин голу эсеп айырмачылыгын ириге жеткирип, "Лион" клубу мелдештен четтеп калды.

Чейрек финалга жолдомо алган командалар:

"Аякс", Голландия;
"Тоттенхэм", Англия;
"Порту", Португалия;
"Манчестер Юнайтед", Англия;
"Манчестер Сити", Англия;
"Ювентус", Италия;
"Ливерпуль", Англия;
"Барселона", Испания.

Кийинки баскычка өткөн командалар чүчү кулак таштоо жолу менен атаандаштарын аныкташат. Чүчү кулак 15-мартта Бишкек убактысы боюнча 17:00дө Швейцариянын Ньон шаарында ташталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Argen9899
2019-03-14 13:09:54
Канасынар Лиондун убактылу куйормандары
+2
Azat.97
2019-03-14 14:02:53
Argen9899,мынабыз не болду
+1
Argen9899
2019-03-14 14:09:50
Azat.97,кечээ кыйын болуп атпадынар беле. Тынчып калгансынар го
-4
nemo2016
2019-03-14 14:34:14
Azat.97,Анда шамал ха-ха-ха не болду деп койот
-1
Bale1111
2019-03-14 17:46:27
Argen9899,биз ушул эле жерде барсаны кийинки турда көрөбүз го кантер экен
-2
oscar
2019-03-14 14:57:56
Мурун көбүнчө испан клубдары чыкчу эле, мында англис клубдары көбүрөөк экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан