25-июлда Бишкек шаарынын 23 жаштагы М.А. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, ушул эле күнү саат 02:30 чамасында Павлов көчөсүндө бара жатканда белгисиз бирөө күч колдонуп зордуктаганын айткан. Биринчи Май РИИБи тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, кылмышка шектүү жаран колго түштү. Ал Чүй облусунун А.Д. аттуу 22 жаштагы тургуну экендиги белгилүү болду. Кылмышка шектүү жаран учурда убактылуу кармоочу жайда. Иликтөө иштери жүрүүдө.