Чүйдө 4 айдан бери дайынсыз болуп жаткан адам изделүүдө

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголуп жаткан Муканов Фархад Муратбекович аттуу жаран изделип жатканын жарыялады. Маалыматта белгиленгендей, жаран 4 айдан бери жок болууда.

Фархад Муканов 1986-жылы туулган. 2018-жылдын ноябрь айынын башында Пригородное айылында жайгашкан Үмүт жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.

Бою 170-175 сантиметр, кой көз, чачынын өңү күрөң, сакалы бар. Үстүнө кочкул, күңүрт кызыл түстөгү свитер, көк жеңи жок күрмө, ылдый жагына кара түстөгү спорттук шым, кара туфли кийип жүргөн.

Өзгөчө белгилери: 2 тиши жок, башынын желке тарабында таз жери бар.

Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, 0(312) 36-35-27, 0(312)36-35-23, 0(552) 22-06-92, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 же 102 номурларына байланышууну милиция сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан