Валентина Шевченко алгачкы жолу чемпиондук курун июнь айында коргойт

UFC`нин жеңил салмактагы чемпиондук курунун ээси Валентина Шевченконун кийинки беттешинин датасы белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Шевченко чемпиондук курун алгачкы жолу 9-июнда коргойт. Чикаго шаарында өтө турган UFC 238 мелдешинде Кыргыз жеринде туулган мушкер АКШлык Жессика Ай менен беттешет.

Жессика Ай карьерасында 20 беттеш өткөрүп, 14 жолу жеңишке жетип, 6 жолу жеңилип калган. Учурда ал UFC'нин жеңил салмак ченинде 1-орунду ээлейт.

Валентина Шевченко болсо декабрь айында Йоанна Енжейчик менен беттешип, жеңил салмактагы чемпиондук курга ээ болгон.

Буга чейин АКШлык мушкер Шевченко менен беттешүү ниети бар экенин жарыялап, ага Кыргыздан чыккан мушкер каршы эместигин билдирген. Январь айында UFC`нин президенти Дана Уайт Шевченко-Ай беттеши жай айларында орун алуусу мүмкүн экендигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
souza.j
2019-03-14 14:25:09
Валя алга. Сага ийгилик.
0
Bars88
2019-03-14 14:32:13
Кыргызстандын атын чыгарып журо бер.Сен менен сыймыктанат кыргыз эли
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан