Бишкектин четиндеги Алтын-Ордо жаңы конушунун жашоочулары 5 күндөн бери ичүүчү суу жок болуп жатканын айтты

Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушунда 5 күндөн бери суу жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган конуштун тургуну Венера Миршакирова билдирди.

Анын айтымында, суу чыкпай жатканы боюнча айыл өкмөт жана көчө комитетине кайрылганда алар "Бишкек суу каналын" күнөөлөп коюшкан.

"Алтын-Ордо конушу 8 көчөдөн турса, бизди 9-болуп "полицейский городок" деп атап коюшат. Март айынын башында эле Алтын-Ордонун башкы көчөлөрүндө суу чыкпай калган экен. Ал эми биз жакта суунун чыкпай калганына 5 күн болду. Кечээ, 13-мартта жашоочулар чогулуш кылып, айыл өкмөтүн жана көчө комитетин чакырсак, бири-бирине шылтоолоп, уруш чыгып эч кандай маселе чечилбей тарап кеттик. Ал эми "Бишкек суу канал" ишканасына байланышсак эч кандай жооп берген жок. Суунун жоктугунан күнүмдүк турмуш-тиричиликтеги көп жумуштарды жасай албай калдык", - деп билдирет жашоочу.

Бул маселе боюнча SUPER.KG порталы тийиштүү мекемелерге байланышып, маселенин чоо-жайын жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан