15-мартта Бишкек шаарынын айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Саат 9:30дан 17:00гө чейин Медеров, Чернышевский, Горький, Карасаев, Байтик баатыр;
Саат 9:30дан 13:00гө чейин Кара-Жыгач конушунда (Каркыра, Алтын-Ордо, Эркин көчөлөрү);
Саат 9:00дөн 15:00гө чейин Ак-Тилек-2 конушунда;
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Көк-Жар конушунда (Керемет, Горький, Кулмурзаев, Арстанбап, Достоевск, Шоокум Молдокулов, Көк-Жайык, Чар көчөлөрү);
Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Алтын-Ордо конушу, Салиева, Комсом, Шайыр, Орозбеков, Васильев, Элебесов көчөлөрү, Жал кичи району, Ак-Өргө конушу, Токтогул, Крупская, Калинин, Турусбеков көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү, Кожомкулов, Абдрахманов, Гагарин, Киев, Тоголок молдо, Логвиненко көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.