"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Билим берүү министрлигинин аткарып жаткан иштери тууралуу маселени карайт

Бүгүн, 15-мартта "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Билим берүү министрлигинин аткарып жаткан иштери тууралуу маселени карайт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, бул маселе 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында каралат. Күн тартип боюнча жыйында 3 маселе талкууланат. "1992-2000-жылдары берилген мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоору, "Айыл Банк" ААКсы иштеп чыккан "лизинг схемалары боюнча сүт жана эт багытындагы уйларды фермерлердин сатып алуусуна багытталган, жогорку продуктулуу асыл тукум малдын лизинги" жаңы лизинг продуктусу тууралуу маалымат угулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан