Парламентте экспорттук көзөмөл чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына бир катар өзгөртүүлөр сунушталды

Кечээ, 14-мартта Жогорку Кеӊеште массалык кыйратуучу куралдарды жасоодо пайдаланылышы мүмкүн болгон продукциянын экспортун, импортун, реэкспортун, транзитин көзөмөлдөө боюнча эл аралык келишимдерди ишке ашырууга багытталган "Экспорттук көзөмөл чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбооруна ылайык, "Экспорттук көзөмөл жөнүндө" мыйзамга жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Экспорттук көзөмөл тутумунун маанилүү бөлүгү болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) бир тараптан экспорттук көзөмөл системинде тартылган мамлекеттик органдар жана экинчи тараптан тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;

2) Экспорттук көзөмөлдүн улуттук системинин талаптарын соода өнөктөштөрүнүн (ЕАЭБ, КМШ, ЕС) жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча союздаштардын (ЖККУ) мыкты тажрыйбалары жана эл аралык аракеттер менен шайкеш келтирүү.

Экономика министрлигинин өкүлүнүн айтымында, азыркы учурда Кыргыз мамлекетинде реэкспорт жок, транзит бар, ошондон улам бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, ал келечекте колдонулуп калышы мүмкүн. Ал эки максаттуу товарлардын ташылышын 6 мамлекеттик орган көзөмөлдөй турганын кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан