Жаңы Зеландияда белгисиз адам мечитке кирип ок чыгарып, 30 адамды жарадар кылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Жаңы Зеландиянын түштүк тарабында жайгашкан Крайстчерч шаарындагы мечиттердин биринде орун алган. Окуя орун алган учурда мечитте 300дөй адам болгону белгилүү. Мечитке кирип келген белгисиз жаран ок чыгарып, натыйжада 30га чукул адам жаракат алган.
"Канча адам каза болгону азырынча белгисиз. Күбөлөрдүн айтымына караганда, жерде кыймылсыз абалда 4 адам жатканын көрүшкөн. Полиция кызматы окуя орун алганын тастыктап, аталган шаардын тургундарын үйүнөн чыкпоого чакырды. Шаардагы мектептер жана оорукана убактылуу жабылды. Учурда мечиттин айланасында 15ке жакын полиция кызматкерлеринин унаалары турат. Андан сырткары, мечиттин аймагы куралчан аскер кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Күбөлөр мечитке кирип кол салган эки адам болгонун айтышууда", - деп жазылат маалыматта.