"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу 45 жашта. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган шектүү Тойота үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып жумушчуну сүзүп алган. Ал жөө бара жатканда унаа сүзүп, окуя болгон жерде көз жумган. Азыркы тапта кырсыктын келип чыгуу себептери такталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды деп кошумчалайт маалымат катчы.
Буга чейин, маркумдун кесиптеши окуя 14-март күнү Биринчи Май районундагы Профсоюзная көчөсүндө болгонун билдирген. Ошондой эле ал маркумдун артында 3 баласы калганын кошумчалаган.
Ал эми "Тазалык" муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматкери каза болгон жаран Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургуну экенин билдирди.
"Маркум борбордогу жаңы конуштардын биринде жашаган. Анын жубайы дагы "Тазалыкта" иштейт", - деп билдирет маалымат катчы.