Кечээ, 15-мартта Бишкек шаарында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын жетекчилигинде түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтык кеңешинин билим берүү министрлеринин 5-жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибинде Түрк университеттер биримдигинин ишмердүүлүгү, окуучулар жана билим берүү чөйрөсүнүн адистери үчүн өз ара алмашуу программалары, мектеп өнөктөштүгүнүн долбоору, ошондой эле Түрк академиясынын маселелери боюнча талкуу жүрдү.
Иш-чарада Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтык кеңешинин катчылыгынын, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Венгрия мамлекеттеринин делегациялары катышты.