Сокулук районунда мас айдоочунун айынан жол кырсыгы болуп, 2 бала жаракат алды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя 24-июлда саат 23:20 чамасында Сокулук районунун Новопавловка айылында болгон. Ала-Тоо жаңы конушунун 58 жаштагы тургуну Мазда-626 унаасын мас абалында айдап бара жатып Ниссан-Примера үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктын айынан Ниссан унаасындагы 2 жаштагы жана 11 жаштагы балдар ар кандай жаракаттар менен №4-шаардык ооруканасына жеткирилди. Ал эми мас абалында рулга отурган айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалып, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.