Токон Мамытов: "Чек ара кызматынын башчысы Баткен аймагынан Өзбекстанга жер берүүнү сунуштаганына ишенбейм"

"КРнын Чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матеновдун Баткен аймагынан Өзбекстанга жер берүүнү сунуштаганына ишенбейм",- деп билдирди КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов. Айта кетсек, буга чейин КРнын Чек ара кызматынын башчысы Баткендин Чарбак айылына карашуу 1 миң чарчы чакырым жерди Өзбекстанга берүүнү сунуштаганы тууралуу кабар маалымат булактары аркылуу жарыяланган болчу. Мамытов кандайдыр бир жерди берүү маселесин чечүүгө Чек ара кызматынын башчысында укук жок экенин айтты. "Жерди берүүгө байланыштуу маселелерди өкмөт жана президент чечет",- деп кошумчалады Мамытов. Ал эми Чек ара кызматы ММКларда берилген маалыматтар туура эмес экенин билдирди. "Чек ара кызматынын башчысы Баткен аймагындагы иш сапарынын алкагында жергиликтүү активдер менен жолугушту. Жолугушууда Чарбак айылынын аймагына эл аралык стандартка жооп бере турган инженердик жабдууларды орнотуу тууралуу маселе талкууланды. Өзбекстанга жер берүү боюнча эч кандай сөз болгон эмес",- деп билдирет Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан