"Резина" жумуртка тууралуу видео тарагандан кийин жумуртканын баасы түшүп кетти" деп бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Айтмамат Назаров билдирди.
"Мындай видео тарагандан кийин кандай иш-аракеттер көрүлдү? Мисалы, мага жумуртка өндүрүү менен алектенген ферманын өкүлдөрү кайрылды. Алардын айтымына караганда, бул видеодон кийин жумуртканын баасы түшүп кеткен. Бүгүнкү күндө 1 жумуртканын баасы 4 сомго бааланууда. Жумуртка өндүрүү менен алектенген фермерлер чыгымга учурады, буга чара көрүү керек", - деди депутат.
Буга Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калыс Жумаканов: “Видеону тарткан адамды УКМКнын кызматкерлеринин жардамы менен тапканбыз. Иликтөө иштеринин алкагында түштүк жергесине жумурткалар Чүй, Ысык-Көл жана Бишкектен алынып барганы белгилүү болгон. Кийин ал жумуртка Ысык-Көлдөн барган деген божомолдор тараган. Эксперименттин жыйынтыгында 20 градус суукка тоңдурулган жумуртка ошондой “резинка” сыяктуу болуп калганына өзүбүз да күбө болуп, видео интернетке тараган. Мындай нерселерди болтурбоо үчүн жумурткарларга маркировка киргизүү керек”.