Эртең, 19-мартта Бишкекте жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн кабыл алынды.
"Кыргыз гидрометеорология борборунун маалыматына ылайык, алдыңкы 5 күн катары менен абанын температурасы 8 градустан жогору болот. Буга байланыштуу 19-мартта жылуулук берүү мөөнөтү аяктайт. Техникалык жактан процесс 2-3 күн убакытты талап кылат", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми "Электр станциялар" ачык акционердик коому билдиргендей, Ош ЖЭБи шаардык мэриянын тиешелүү буйругунун негизинде жылуулук берүүнү 17-мартта токтотту.
Айрым Бишкек шаарынын тургундары социалдык тармактар аркылуу күндүн ысып кеткенине байланыштуу мэриядан жылуулук берүүнү токтотууну суранышууда.