Балыкчы шаарынын жаштары Орто-Токой суу сактагычынын абалына тынчсызданып, суу сактагычтын жээктерин тазалап чыгышты. Жаштар 150 мүшөк таштанды чогултушканын шаар тургуну Нурбек Садыгалиев SUPER.KG'ге билдирди.
Анын белгилешинче, аталган суу сактагычтагы таштанды Кочкор районунун таштанды талаасынан улам пайда болуп жатат.
"Орто-Токойдун абалы өтө кейиштүү. Жыл сайын тазалайбыз, бирок кайра эле таштанды толуп калат. Буга Кочкор районундагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн таштанды талаасы аталган суунун жанында жайгашып калганы себеп болууда. Таштанды талаа менен суунун аралыгы 500 метр. Кыян агып же катуу шамал болгондо таштандылар сууга түшүп жатат. Өткөн жылы эле ушундай абалдан улам Семиз-Бел айыл өкмөтүнө 300 миң сомго чейин айып пул салынган экен, ага карабай кайра төгүшүүдө. Биз тазалап жаткан учурда эле колбаса чыгарган цехтин кишилери малдын терилерин КамАЗ менен алып келип төгүп салышты. Тийиштүү кызматтар бул абалга чара көрбөсө болбойт. Аз убакыттын ичинде эле суунун жээгинен 150 мүшөк таштанды терип чыктык. Муну эми апта сайын улантууну максат кылып жатабыз", - деди Садыгалиев.