Орусияда бойдон алдырууга каршы кыймылдын өкүлү өз кызын зордуктап жүргөнү үчүн 13 жылга эркинен ажыратылды

Новосибирскте бойдон алдырууга каршы кыймылдын өкүлү өз кызын зордуктап жүргөнү үчүн 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу кызын 13 жашынан бери бир нече жыл зордуктап келген. Кыз атасынан коркуп бул тууралуу эч кимге айтпай келгени жазылат маалыматта.

“Новосибирсктин Заельцовск райондук соту айыпталуучунун күнөөсү далилденгенине байланыштуу аны 13 жылга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган эмес. Ал "аялым менен урушуп жүргөндүгүм үчүн кызым менден өч алды. Мен соттун чечимине каршымын" деп билдирген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kominam
2019-03-19 09:44:36
Жер жутуп кетсе гана мындай зоокурлорду,кантип дитин барды айбан! Олум сага!
+5
AykaMer
2019-03-19 16:26:06
Мындай макулуктарды жер да батырбайт...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан