Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти. Бул тууралуу ал 19-марттагы түз эфирде казак элине болгон атайын кайрылуусунда өзү жарыялады.
Ал кайрылуусунда: "Мен өзүмдүн президент катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим. Бул жылы менин эң жогорку кызматка келгениме 30 жыл болот. Эл Эгемендүү Казакстандын биринчи президенти болушума мүмкүнчүлүк берди", - деген.
Белгилүү болгондой Нурсултан Назарбаев парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу президенттин милдетин аткарарын кошумчалаган.
Назарбаев президенттиктен кеткенден кийин үч маанилүү кызматын сактап кала алат. Коопсуздук кеңеши жөнүндө мыйзам ага өлкөнүн биринчи президенти жана улуттун лидери катары Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн аягына чейин башкарганга укук берет. Мындан тышкары ал бийликтеги башкаруучу "Нур Отан" партиясынын лидери, Конституциялык кеңештин мүчөсү бойдон кала берет.
Назарбаев 1991-жылы Казакстандын туңгуч президенти болуп шайланган. 1995-жылы шайлоо өтүп, анын президенттик мөөнөтү 5 жылга узартылган. 1999-жылы бир нече талапкерлер катышкан шайлоодо, ал 80 пайыз добуш менен 7 жылга өлкө башчысы болуп шайланган. 2005-жылы 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо 91,15% добуш алып, кайрадан өз ордунда калган.