Ат оюндары боюнча "Нооруз 2019" мелдеши. 15 жаштагы кыз кыска аралыкка ат чабууда алдыга чыкты

Бүгүн, 20-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында ат оюндары боюнча мелдеш өтүп жатат. 4 жаштан жогорку аттар катышкан кыска аралыкта ат чабышта 15 жаштагы Назик аттуу кыз биринчи орунду ээледи.

2200 метр аралыктагы жарышта жалпы 4 чабандес ат салышып, 3-орунга Чолпон-Ата шаарынан келген саяпкер Алмаз Мукамбетовдун Бриони аттуу аты татыды. Экинчи орунду Нарын районунан келген Олег Рубостун Ионна Грейсс деген аргымагы багындырды. Ал эми 1-орунду Чолпон-Ата шаарынан келген Бурганаков Таалай таптаган ат ээледи. 15 жаштагы Назик чапкан Метеор аттуу аргымак мараны 2 мүнөт 8 секундда басып өттү.

Уюштуруучулар тарабынан 1-орунга 41 миң, 2-орунга 24 миң жана 3-орунга 17 миң сом байге ыйгарылды.

Нооруз майрамына карата уюштурулган ат оюндары 15-мартта башталган. Алдыда көк бөрү боюнча мелдештин Биринчи жана Жогорку Лигаларынын коло медалдары үчүн оюндар орун алса, финалдык беттештер эртең, 21-мартта өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pat12
2019-03-20 16:57:41
Молодцы кыргыздын кыздары.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан