Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары боюнча мелдеш өтүп жатат.
2500 метр аралыктагы тай чабышта Сокулук районунан келген "Тай мурас" аттуу саяпкер Ильшат Салимовдун тайы алдыга чыкты. Аламүдүн районунан келген "Пегас" ысымдуу Чолпонбай Токмергеновдун тайы 2-орунду ээлесе, 3-орунду "Футурист" деген лакап аты бар Талас облусунан келген Болот Осмоновго таандык тай жеңип алды.
Мелдешке 6 күлүк катышып, биринчи орунга 16 миң 400, 2-орунга 10 миң 700, ал эми 3-орунга 5 миң 300 сом байге ыйгарылды.